Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:26

Панетта: АКШ Пакистандын жардамына муктаж


АКШнын коргоо министри Леон Панеттанын айтымында, Пакистан менен мамиледе карама-каршылыктар болгонуна карабастан Вашингтондун кызматташуудан башка чарасы жок. "Себеби өзөктүк куралдуу Пакистан “региондогу маанилүү күч эсептелет” жана Кошмо Штаттар “ал-Кайидага” каршы согушта Исламабаддын жардамына муктаж", - деп түшүндүрдү Панетта.

Пентагондун башчысы мындай билдирүүнү Вашингтондо мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон менен чогуу катышкан телекечеде жасады. Клинтон айым Сирияда реформага чакырган жарандарды айосуз басканына карабай, президент Башар Асадды бийликтен кетүүсүн талап кылбоо тууралуу Обама администрациясынын чечимин жактады.

XS
SM
MD
LG