Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:10

Тажикстанда Би-Би-Синин журналистинин соту башталды


Тажикстандын түндүгүндөгү Кожент шаарында Би-Би-Синин өзбек кызматынын кабарчысы Урунбой Усмонов “Хизб-ут Тахрир” партиясынын мүчөсү деген айып менен ушул жылдын 13-июнунда кармалып, бир айдан соң чыгарылган болчу.

Журналистке редакциянын тапшырмасы менен чагылдырып жаткан өлкөдөгү тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” уюмунун аракеттерин бийликке жеткирген эмес деген кине коюлууда.

ВВС үналгысынын жетекчилиги Усмоновго тагылып жаткан күнөөлөр Тажикстанда журналисттик кесипке жана сөз эркиндигине коркунуч туудурат деп эсептейт.

Усмоновдун тагдырына тынчсыздануусун Британия менен АКШ бийликтери жана ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлчүлүгү, укук коргоочулар да билдиришкен.

XS
SM
MD
LG