Бүгүн Бишкек мэри Иса Өмүркулов “Азаттык+” сыналгы тобу менен бирге шаар көчөлөрүндөгү абал менен таанышып, жол боюндагы мыйзамсыз күркөлөрдүн баары алынарын ачыктады. Мэрдин айтымында, шаар ичиндеги күркөлөрдүн көбү эч уруксатсыз орнотулуп, алардын көпчүлүгү жол кыймылына тоскоол болууда.
Бишкек мэриясы жылдын башында Ош базарынын айланасындагы күркөлөрдү алып, алардын көпчүлүгүн башка базарларга көчүргөн. Мындай жагдай бир катар сатуучулардын нааразылыгын жаратып, бул маселе Жогорку Кеңеште да каралган болчу.
"Азаттык+" сыналгы берүүсүнүн бул чыгарылышын 15-августта, кечки саат 9да, КТРКдан көрө аласыздар. (KKs)