Бишкектеги Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Айнагүл Рыскулованын "Азаттыкка" билдиришинче, 1-августка карата Бишкекте бруцеллёз илдети менен 141 адам катталды. Бул былтыркы жылдын жети айына салыштырмалуу 16,5 пайызга көптүк кылат:
“Тургундар каймак, сүттү кайнатышпайт. Сүт кайнатылса да, чала кайнатылып калып жатат. Экинчи орунда бизде эт продукциялары турат. Көпчүлүк оорулуулар шишкебек жегенбиз деп айтышат”,-деди Айнагүл Рыскулова
Бруцеллёзго кабылгандардын көпчүлүк бөлүгүн 20-40 жаштагылар түзүүдө. (KKs)