Болжолдуу маалыматтарга караганда ал жерге Германиядан жана Австриядан 700 аскерден турган резерв батальону барат. Косоводо азыр НАТОнун 6 миң аскери бар. Ошол эле мезгилде уюмдун өкүлдөрү ал жерде кырдаал туруктуу экендигин, кошумча күчтөр коопсуздукту сактоочу аскерлердин кызматын жеңилдетүү максатында жиберилип жатканын билдирүүдө. Өткөн жумада Сербия-Косово чегарасында жаңжал чыгып, бир Косово полициясы мерт болгон.