Йемендин түштүгүндө болгон салгылашта 10 аскер жана “ал-Каидачы” деп шектелген 21 согушкер катардан чыкты. Йемендин коргоо министрлигинин билдиришинче, уруш Абиян провинциясындагы Зинжибар шаарынын көпчүлүк бөлүгүн басып алган куралдуу топтор менен камоодогуы өкмөттүк аскерлер ортосунда болгон.
Ушул эле Абиян провинциясынын Лудер шаарына чукул жерде аскерий кербен буктурмага кабылып, аткылашууда террорчу деп шектелген үч куралчан жок кылынганы, бир жоокер окко учканы ырасмий маалымдалды.
Санаадагы президенттик сарайга кол салуу учурунда жарадар болгон Йемен президенти Али Абдулла Салех азыр Саудияда дарыланууда.