Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Ливияда НАТО Каддафинин объектилерине дагы чабуул койду


Ливиядагы мамлекеттик телеканал кабарлагандай, НАТОнун күчтөрү Триполидеги жана баш калаадан түштүгүрөөктө жайгашкан Ал-Жафра шаарындагы бир топ жерлерге абадан сокку урушту. Ливиядагы кырдаалды жөнгө салыш үчүн ортомчулук кылып жаткан Түштүк Африканын президенти Жейкоб Зуманын аракетинен кечээ майнап чыккан эмес. Дүйшөмбүдө Триполидеги сүйлөшүүлөрдөн кийин Зума “Каддафи куралын таштаганга көндү” деген эле. Бирок козголоңчулар талап кылгандай кызматтан кетер-кетпеси тууралуу айтылган эмес. Кечээ Римде ливиялык сегиз жогорку даражалуу аскер башчылары маалымат жыйынын өткөрүп, Каддафинин режими үчүн мындан ары кызмат кылбай тургандыктарын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG