“Ассошейтед пресс” агенттиги маалымдагандай, бүгүн эртең менен Ливиянын борборуна кеминде жыйырмадай сокку жасалган. Триполинин айланасынан катуу жарылуулардын үнү угулуп, ошондой эле Ливия лидери Муаммар Каддафинин резиденциясына жакын жерден түтүн уюлгуп чыккан. Каддафи режиминин өкүлү Муса Ибрагим бомбалоодон кеминде үч адам өлүп, 150дей киши жаракат алганын айтты. Бирок бул маалымат башка көз карандысыз булактар тарабынан ырастала элек.
НАТО болсо өз билдирүүсүндө соккулардын айрымдары Каддафинин резиденциясына канатташ жайгашкан унаа токтоочу жайга жасалганын белгиледи. НАТОнун эсебинде, ал жай режимдин ливиялыктарга кол салган күчтөрүн камсыздоо үчүн пайдаланылып келинген.
Ливиянын чыгышын көзөмөлдөп жаткан козголоңчулар 40 жылдан ашуун бийликте турган Каддафини кулатууга акыркы эки айдан бери аракеттенип келүүдө. НАТОнун аба күчтөрү болсо Ливия лидеринин аскерлери менен аскерий обьектилерине сокку уруп жатат.