Бул тууралуу өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев июнь коогалаңында жакындарын жоготкондор менен 23-мартта Бишкекте өткөн жолугушууда билдирди. Анда жабыркагандар дайынсыз жоголгондорду издөө иштери солгун жүрүп жатканына нааразычылыгын билдирип, кимдиги аныкталбаган сөөктөрдүн ДНК анализин тездетүүнү талап кылышты. Өкмөттөн кабарлашкандай, Атамбаев жакынкы күндөрү Ошко иш сапар менен барарын, айтылган проблемаларды чечүү үчүн кандай чаралар колдонулуп жатканы тууралуу толук маалымат бере турганын билдирди. Оштон келгендерди Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков да кабыл алды. (EBM)