Парламенттеги “Республика” фракциясынын билдиришинче, аталган кеңешке башкаруучу коалицияны түзгөн үч фракциянын лидерлери менен кошо үчтөн депутат кирет. Жакынкы күндөрү алар алгачкы жыйынга чогулуп, анда “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевдин коалициялык келишим боюнча сунуштары каралат.
Бүгүн түштөн кийин коалиция маселеси боюнча “Ата Журт” фракциясы жабык жыйынга чогулганы жатканы маалым болгон. 16-мартта "атажуртчулар" коалициялык келишим боюнча сунуштары камтылган катты өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевге жөнөтүшүп, аларды аткарууга 22-мартка чейин мөөнөт беришкен болчу.
Башкаруучу коалицияны түзгөн парламенттеги үч фракция 11-мартта коалициянын келечеги боюнча чукул жыйынга чогулган эле, бирок ага “Ата Журттун” айрым лидерлери катышкан эмес. "Ата Журт" фракциясы коалиция маселесин өзүнчө талкуулап, аталган фракциядан 19 депутат талаптары аткарылбаса коалициядан чыгышарын билдиришкен. Коалиция ыдырашы үчүн 19 депутаттын чыгуусу жетиштүү. (EBM)