Маевка окуясы боюнча соттолуучулардын адвокаты Динара Медетованын “Азаттыкка” кабарлашынча, сот жараяны 9-февралда Чүй облустук сотто каралып, күбөлөр суралды. Эми сот акыркы чечимин 15-февралда угузушу мүмкүн.
Соттун 13-декабрда чыгарган өкүмүнө ылайык, Исабай Ашыров Кылмыш-жаза кодексинин “массалык тополоңго катышуу”, “ачык түрдө тоноо” беренелери менен жети жылга эркинен ажыратылган. Убактылуу өкмөттүн апрель айындагы "Мунапыс боюнча" кабыл алган декретине ылайык, бул мөөнөттүн үчтөн бир бөлүгү дагы кыскармакчы. Андан сырткары Хайрулло уулу Талантбек, Чыңгыз Кубанычбеков, Эдилбек Калмурзаев жана өспүрүм Шамил Гамзамидин уулу үч жылдан беш жылга чейин шарттуу соттолушкан. Аламүдүн райондук соттун мындай өкүмүнө макул болбогон прокурорлор Чүй облустук сотко арызданышкан.
Жабырлануучулар соттун өкүмү жеңил болуп калганын “Азаттыкка” белгилешкен эле. Соттолуучулардын адвокаттары соттун чечимин туура деп баалашкан. (КЕ)