Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Египет: "Мусулман агайиндер" ал-Барадейини алга сүрөөдө


Аскерлер египеттик жаранды кыжырданган демонстранттардан коргоодо. Каир, 31-январь 2011
Аскерлер египеттик жаранды кыжырданган демонстранттардан коргоодо. Каир, 31-январь 2011

Президент Хосни Мубарактын бийликтен кетүүсүн талап кылган нааразылык акциялары Египетте жети күндөн бери уланууда.

Каирде коменданттык саат киргизилгенине карабай, саясый өзгөрүүлөрдү талап кылган миңдеген адамдар түндү шаардын ортолугундагы Тахрир майданында өткөрүштү. Алар элди эртең шейшемби күнү жалпы өлкө боюнча иш таштоого үндөшүүдө жана 1-февралда “миллион адам” көчөгө чыгат деген үмүттө.

...бир негизги талабыбыз бар: режимди кулатуу жана жаңы доорду баштоо.
Ал-Барадейи



Тахир майданында Мубарактын тагдыры чечилет

Каирдин ортосундагы Тахир майданы - президент Мубарактын бийликтен кетүүсүн талап кылган күчтөрдүн уюгуна айланган. Миңдеген адамдар 28-январда жарыяланган коменданттык саатты көзгө илбей, күнү-түнү аянтта. Оппозициянын көрүнүктүү өкүлү Мохаммед ал-Барадейи жекшемби күнү аянттагы 5
Египет оппозициясынын ана башы Мохаммад ал-Барадейи Тахрир майданынанда чогулган элге кайрылууда. 30-январь 2011
миңдей адамга кайрылып, Мубаракка каршы көтөрүлүш башталгандан кийин “артка жол жок” экенин айтты:

- Мен бүгүн биздин өмүрүбүздөгү эң бактылуу күнү сиздерге келип кошулдум. Бүгүн мен ар бириңердин көзүңүздөргө тик карай алам. Бүгүн сиздер египеттик катары жашоого жана эркиндикке болгон укугуңарды пайдаланып жатасыңар. Башталган иш артка кайтапайт. Бизде- мурда айтылгандай бир негизги талабыбыз бар: режимди кулатуу жана жаңы доорду баштоо.

Мохаммад ал-Барадейи - БУУнун атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги МАГАТЭнин мурдакы башчысы. Анын билдиришинче, оппозициячыл топтор, анын ичинде тыйуу салынган “Мусулман агайиндер” уюму ага бийлик менен улуттук биримдик өкмөтүн түзүү жагын сүйлөшүүгө мандат берген.
Аскерлер Гиза пирамидаларынын бет маңдайында күзөттө турушат. Каир. 31-январь 2011


Тахрир аянтындагы элге исламчыл кыймылдын башчылары Эссам ал-Ериян жана Саад ал-Катани да кайрылышып, “канча адамдын каны төгүлбөсүн”, “элдин ыңкылап” бийликти шыпырып түшмөйүнчө, токтобосун айтышты.

Каирде банктарды, өкмөттү, ички иштер министрлигин жана маанилүү жайларды танктар күзөтүүдө. Атын атабоону сураган кыргыз жаранынын билдиришинче, Каирдин четиндеги Мадина Наср районундагы маанилүү объекттерди аскерлер күзөтүүдө:

- Биз жакта бир америкалык мектеп бар. Ошол жерге эки БТР (чопкутталган автомашина) келген. Бу жакта андан башка маанилүү эч нерсе деле жок. Тирешүүлөр шаардын ортосунда болуп жатат деп угуудабыз. Каир өзү чоң шаар болгондуктан, ал жакка барган жокпуз.

Египетте өткөн шейшембиде башталган анти-өкмөттүк толкундоолордон бүгүнгө чейин 125 ашуун адамдын каны төгүлгөнү кабарланууда.


Президент Мубарак жума күнү премьер-министр Ахмед Назифти кызматтан кетирип, анын ордуна Ахмед Шафикти дайындады. Ага саясый реформаларды токтоосуз жүргүзүүнү, бул жараянга түрдүү партияларды тартууну буйруган. Ошондой эле жумушсуздукту кыскартчу чечкиндүү
Каирдин эл аралык аба бекетинде ата журтуна кезек күткөн чет элдиктер. 31-январь 2011
экономикалык реформалар жасалсын деп тапшырма берген. Египеттиктер өкмөткө койгон айрым талаптар жөнүндө Каирде убактылуу жашаган кыргыз жигит мындай дейт:

- Укканыбыз боюнча, египеттиктер Кыргызстандагыдай эле талаптарды коюшууда. Атап айтканда, жаштарды жумуш менен камсыздоону, эмгек акыларын жогорулатууну, Мубарактын президенттиктен кетүүсүн талап кылышууда. Жаштар жумушсуздуктан улам үйлөнө албай жатканын айтышууда.

Кээ бир өлкөлөр Каирден өз букараларын чыгарып кете баштады жана өз жарандарын Египетке барууну токтото турууну өтүнүштү.

Мубарактын өкмөтү оппозиция менен мунаса табышабы?

АКШ жетекчилиги Египеттин саясый күчтөрүн кризистик жагдайдан “ырааттуу чыгууга” же бийликтин жаңы өкмөткө тынч жагдайда өтүүсүн үндөдү. Бирок Мамкатчы Хиллари Клинтон акыркы күндөрү берген көп интервьюларында бийлик алмашуу тар чөйрө бир түндө ишке ашыра койчу жараян эмесин астейдил белилеп жатты:
Түштүк Кореяда жашаган египеттиктер президент Хосни Мубарактын 30-жылдык башкаруусу токтотулушун талап кылган демонстрацияда. Сеул. 31-январь 2011


- Азыр улуттук диалогго барып, конкреттүү кадам жасачу, тынч демонстрациялар үчүн саясый мейкиндикти жана жакшы келечекти кууруга көмөктөшчү тынч оппозицияны түзүүчү мезгил келди. Биз ушундай өзгөрүүлөрдү көргүбүз келет.

Мамкатчы Хиллари Клинтон ишемби күнү Египеттин вице-президенти дайындалган Омар Сулайман Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын осолдошуна алып барбагандай кылып, өлкөдө саясый реформаны жүргүзүүгө көмөктөшөт деген тилегин билдирди. Хиллари айым АКШ 30 жыл бою Мубаракты өзүнө вице-президент дайындоону сурап келгенин эскерте кетти.

Ал эми эларалык коомчулуктун Жакынкы Чыгыш боюнча элчиси Тони Блэр египеттиктер эркин шайлоо аркылуу саясый өзгөрүүнү талап кылып жатканын эске салды:

- Сөзсүз саясый өзгөрүүлөр болуш керек. Маселе, эмнени өзгөртүүдө жана аны кантип ишке ашырууда. Эл азыркы жагдайда Египет өкмөтү ыклас кылып жаткандай эле - эркин жана адилет шайлоону өткөрүүнү каалайт.

Тони Блэр Иерусалимде сүйлөгөн сөзүндө “Мусулман агайиндер” Египетте түгүл, бүтүндөй региондогу өтө кубатуу кыймыл экенин жана кырдаалды башка багытта жүргүзүүгө жарамдуу экенине көңүл бурду. Ал ошондой эле президент Хосни Мубарак Жакынкы Чыгыш боюнча сүйлөшүүлөрдө эл аралык коомчулуктун ишенимдүү өнөктөшү экенин баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG