Окуя бүгүн Ооганстан менен чектеш аймактагы Түндүк Вазиристанда болгону кабарланууда. АКШнын аскерий учактарынын ракета чабуулу жолдо бараткан машинеге жана бир мотоциклге каршы урулган. Бул райондордо “Аль-Каида” террор уюму менен талиптерге каршы активдүү операциялар өтүп келген. Өлгөндөр куралчан козголоңчулар болсо керек дешет.