Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Токтогул суу сактагычында 17 млрд. 911 млн. куб метр суу бар


“Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынан маалымдашкандай, суу сактагычтагы суунун бүгүнкү көлөмү эки жыл мурункуга салыштырмалуу дээрлик 6,5 млрд. куб метрге көп. Бүгүнкү күнү суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына 202 кубметрди түзүүдө. Ал эми суу сактагычтан агып чыккан суу секундуна 581 кубметрге барабар.

2007-2008-жылы кыш мезгилинде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7-8 млрд. кубметрге чейин азайган. Ошол туштагы бийлик электр энергия берүүнү суткасына 6 сааттан 10-14 саатка чейин чектөөгө аргасыз болгону белгилүү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG