АКШ Сенатында көпчүлүктү түзгөн демократтардын лидери Гарри Риддин жарыясына караганда, алар өзөктүк куралды кыскартуу келишими боюнча талкууларды ушул бейшембиде аяктап, документти апта соңунда добушка салууну мерчемдеп жатышат. Демократтар Сенатта азчылыкты түзгөн республикачылардын каршылыгына карабай, келишимди ратифакциялоо үчүн талап кылынуучу 67 добушка ээ болобуз деген ишенимде турушат. Республикачылардын Сенаттагы лидери Митч Макконнелл ал келишимге каршы добуш берерин билдирди. Өзөктүк куралдарды кыскартуу келишимине АКШ жана Орусия президенттери быйыл апрелде кол койгон. Ага ылайык алдыдагы жети жылдын ичинде эки өлкөнүн ар биринин колунда калган өзөктүк дүрмөттөрдүн саны 1550дөн ашпоосу керек.