“Санпа” окуясы боюнча айыпталып жаткан он тогуз кишинин ичинен Сузак районун "Москва" колхозунун мурдагы башкармасы Усманжан Аблазовго мамлекеттик айыптоочу үй-мүлкүн мамлекетке өткөрүп, өзүн 25 жылга эркинен ажыратуу жазасын сурап жатат. Бүгүнкү сот жараянында 64 жаштагы пенсионер тергөө иштери кемчиликтер менен коштолгонун айтып, өзүнө коюлуп жаткан айыптарды четке какты.
Буга чейинки соттук отурумдарда Усманжан Аблазов губернатор жана Сузактын акими менен 12-13-июнь күндөрү сүйлөшүп, элди тынчтандырууга чакырып жүргөнүн айткан. Бирок сотто көрсөтмө берген Жалал-Абаддын губернатору Бектур Асанов Усманжан Аблазов менен 14-июнда гана жолугуп, телефон номурун бергенин, ага чейин сүйлөшпөгөнүн тастыктаган.
Сузактын акими Нурболот Мырзахмедов берген көрсөтмөсүндө У. Аблазовду 15-июнда гана көргөнүн айткан. “Санпа” окуясынын жабырлануучуларынын бири Чынара Мейманова сотто Ош-Бишкек жолунда тополоң уюштуруп жүргөндөрдүн арасында У. Аблазовдун болгонун билдирген эле. 23-ноябрда болчу сот жараянында соттолуучулар акыркы сөздөрүн сүйлөшөт. (AzK)