Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Ошто жер басып алгандар бийликке талап койду


“Түштүк коогалаңынын шейиттеринин өчпөс оту” коомдук бирикмеси бийликтен басып алган жерлерин мыйзамдаштырып, аны Баатырлар шаарчасы деп аттоону талап кылышууда. Бул тууралуу алар бүгүн Ош шаарында өткөргөн маалымат жыйынында билдиришти. Бирикме төрагасы Төрөбек Алматов коогалаңда жабыркаган үч миңден ашуун адамдын тизмеси облустук жетекчиликке берилгенин кошумчалады.

Буга чейин Ош шаарынын четиндеги Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө тиешелүү үлүш жерлерди басып алгандар менен облус губернатору Сооронбай Жээнбеков жолугушуп, турак-жай куруу үчүн айдоо аянттарынан жер берилбесин, башка жактан бөлүнөрүн, жер алгач эң муктаж үй-бүлөлөр үчүн берилерин билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG