Түштүк Кореянын борбор шаары Сеулда экономикасы өнүккөн жана өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн - "Чоң жыйырманын" саммити уланууда. Лидерлер жолугушууда жетишилген макулдашуулар камтылган жыйынтыктоочу коммюникке кабыл алышмакчы. Айрым өлкөлөр АКШнын экономиканын арымын арттыруу үчүн 600 миллиард доллар бөлүү чечимин сындашууда. Вашингтон болсо өз кезегинде Кытайдын улуттук акчасынын курсун кармап турганына нааразы болуп келатат.