"Азаттыктын" кабарчысынын билдиришинче, Биринчи май райондук соту Коомдук палраменттин арызын канааттандырган жок. Коомдук парламенттин төрагасы Касымбек Райымкул уулу соттун чечими менен таанышып, 3 күндүн ичинде Жогорку Сотко кайрыларын билдирди. Коомдук парламент 10-октябрда өткөн парламенттик шайлоо Конституциянын 70чи беренесине каршы келет деп, 2-ноябрда сотко арыз жолдогон. (AzK)