Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

БШК "Люстрация жөнүндөгү" мыйзамдын демилгечилерин каттады



БШКнын төрагасы Акылбек Сариевдин билдиришинче, референдум өткөрүү үчүн демилгечи топ 3 айдын ичинде өлкө аймагынан 300 миң жарандын кол тамгасын топтошу керек. Топтолгон кол тамгалар БШКа тарабынан текшерилүүгө тийиш.
Апрель окуяларынан кийин "Люстрация жөнүндө" мыйзамды кабыл алып, коомду "акаевчил", "бакиевчил" паракорлордон тазалоо демилгесин Топчубек Тургуналиев көтөрүп чыккан.
Акыйкатчы Турсунбек Акун "Люстрация жөнүндөгү" мыйзам коомчулуктун кээ бир катмарынын укуктарын бузаарын жана Кыргызстандын Баш мыйзамына каршы келерин билдирип чыккан. (AzK)

XS
SM
MD
LG