Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:35

"Люстрация" кыймылы он беш миң кол топтоду


“Люстрация” элдик кыймылынын ордо кеңешинин мүчөсү, Жалал-Абад облусунун координатору Кубаныч Маматкеримовдун “Азаттыкка” билдиришинче, ушул тапта мыйзамдын кабыл алынышы үчүн 15 миң киши кол койгон. Эгер бул мыйзам кабыл алынбаса, кыймыл референдум өткөрүү үчүн 300миң добуш топтоого даяр. “Эгер Кыргызстанда бул мыйзам тез аранын ичинде кабыл алынса, Акаев менен Бакиведин учурунда бийликтин жогорку баскычында иштеп, азыр Убактылуу өкмөттө олтурган чиновниктер жылуу-жумшак орундарынан айрылып калат. Ошондуктан мыйзамды кабыл алууга көңүл бурулбай жатат”, - дейт Кубаныч Маматкеримов.

Апрель окуяларынан кийин өлкөгө Люстрация мыйзамын киргизип, коомду "акаевчил", "бакиевчил" паракорлордон тазалоо демилгесин Топчубек Тургуналиев көтөрүп чыккан. Акыйкатчы Турсунбек Акун люстрация жөнүндөгү мыйзам долбоору коомчулуктун кээ бир катмарынын укуктарын бузаарын жана Кыргызстандын Баш мыйзамына каршы келерин билдирген эле.(AzK)

XS
SM
MD
LG