БШК төрагасынын маалымдаганы боюнча, парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы 2-ноябрь күнү “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланат. Ушул күндөн тарта үч күн ичинде утуп чыккан саясий партиялардан депутаттыкка талапкер болгондор депутаттык менен кошо жүргүзүлбөй турган мамлекеттик жана башка кызматтардан баш тартууга жана өздөрү тууралуу маалыматты, өзүнүн сүрөтүн БШКга берүүгө тийиш. Эгер кимдир-бирөө депутаттык мандат алгысы келбесе, анда Боршайкомдун дарегине арызын жазууга болот.
10-октябрдагы парламенттик беш партия: “Ата Журт”, СДП, “Ар-Намыс”, “Республика” жана “Ата Мекен” партиялары жеңүүчү деп таанылды. Булардан жалпы саны 120 депутаттан турган парламент куралат.(ZKo)
10-октябрдагы парламенттик беш партия: “Ата Журт”, СДП, “Ар-Намыс”, “Республика” жана “Ата Мекен” партиялары жеңүүчү деп таанылды. Булардан жалпы саны 120 депутаттан турган парламент куралат.(ZKo)