Кечээ Украинанын Львов шаарында майда жана чакан бизнеси бар 2 миңдей ишкер салык реформасына каршы нааразылык акциясын өткөрүштү. Өткөн бейшембиде ушундай эле миңдей бизнесмен Киевде парламент алдында салык реформасына нааразылык билдиришкен. Украин парламенти Салык кодексинин жаңы долбоорун ай башында биринчи окууда кабыл алган. Мыйзам жыл соңунда кабыл алынат деп болжолдонууда. Ишкерлер менен эксперттер салыкты жогорулатуу майда жана чакан бизнести көмүскө экономикага сүрүп, чоң компаниялардын үстөмдүгүн күчөтөт дешет.