Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

“Ар-намыс” партиясы президентке, БШКга кайрылуу жолдоду


Анда партия 10-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоону тааный тургандыгы айтылып, ошондой эле “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын маселеси тез арада чечилүүсү зарыл деп жазылат. Партия буга Конституциянын кепили катары президент өзү кийлигишүүсү тийиш деп билдирип, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын БШКга коюп жаткан дооматын негиздүү деп эсептейт. Кайрылууда айтылгандай, БШКнын мурда жалпы шайлоочулардын 5% добушу 142 687 добушка барабар деп берген маалыматы боюнча “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы өзүнө берилген 145 461 добуш менен расмий түрдө 5% чекти өткөн.

“Ар-намыс” партиясы шайлоо жыйынтыктарына байланыштуу түзүлгөн кырдаал президенттин демократиялык жана акыйкат шайлоо өткөрүү тууралуу айткан жоболоруна каршы келет деп билдирип, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын талаптарын колдоого алууга чакырган. “Ар-намыс” партиясы 10-октябрдагы парламенттик шайлоодо 232 687 добуш менен шайлоочулардын 7,74% добушуна ээ болгон. 5% чек боюнча маселе кылдат каралышын, буга байланыштуу чыгарылган жыйынтык өлкөдө кырдаалдын чыңалуусуна алып келбеши үчүн эртерээк чара көрүү, бир үстөлгө отуруп, кеңешүү сунушу менен кечээ шайлоодо алдыга озуп чыккан партиялардын бири “Ата Журт” партиясы да президентке жана БШКга кайрылган болчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG