Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

АКШ, НАТО талиптер менен сүйлөшүүнү колдойт


Бүгүн АКШ жана НАТОнун расмий өкүлдөрү талиптер менен байланыш түзүүгө болгон Оогантсандын аракетин колдоорун билдирди. Брюсселдеги маалымат жыйынды НАТОнун жетекчиси Андерс Расмуссен түндүк атлантикалык альянс талиптер менен тычтыкка келүү үчүн мүмкүн болгон сүйлөшүүлөрдү колдоого мурда эле даяр экендигин, бирок бул аракеттер ооган козголоңчуларына каршы операцияларга залалын тийгизбөөсү керектигин дагы кошумчалады.

АКШ коргоо министри Р.Гейтс менен Мамлекеттик катчы Х.Клинтон Вашингтон ооган президенти Х.Карзайдын талиптер менен ымалага келүүнүн айрым жактарын «кандай болсо да» колдоорун билдирип, бирок бул комплекстүү аракет натыйжа бербей калышы да мүмкүн экендигин ачыктады.

Ооган расмийлери болсо НАТОдон талиптер менен тынчтык сүйлөшүүгө барууну колдоо жолдорун ачык-айкын айтууну талап кылды. Ал ортодо Ооганстанда НАТОнун курамына кирген эл аралык күчтөрдүн 8 аскери набыт болгону кабарланды.

XS
SM
MD
LG