Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:36

Ооганстанда психикалык илдеттерге чалдыккандар көбөйүүдө


Ооганстанда калктын 60 пайыздан ашууну ар кандай психикалык ооруларга чалдыкан. Бул тууралуу маалымдаган саламаттыкты сактоо министрлиги анын себеби бир топ жылдардан бери созулуп келаткан согуш, жакырчылык, социалдык маселелерде деп белгилейт. "Көпчүлүк адамдар стресс жана башка проблемалардан жабыркашууда", - деди Ооганстандын саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Сурайя Далил. Өзгөчө аялдар менен балдар арасында жапа чеккендер көп. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кабулдагы өкүлү Питер Грааффтын айтымында, Ооганстанда психиатрикалык ооруканалар 200 бейтапка гана эсептелген жана болгону 2 психиатр адис бар.

XS
SM
MD
LG