Бүгүн россиялык журналист Анна Политковскаянын киши колдуу болуп өлгөнүнө туура 4 жыл болду. Ал кездеги президент Путиндин Чеченстандагы саясатын катуу сындап келген журналистти 2006-жылдын 7-октябрында үйүнүн жанынан атып кетишкен. Кылмышкер азыркыга чейин табыла элек. Россиянын тергөө комитети кылмышты иликтөөнү 2011-жылдын февралына чейин узартуу жөнүндө маалымдады. Москвалыктар маркум жашаган үйдүн жанына эртеден бери гүл алып келип жатышат. Кечинде белгилүү коомдук ишмерлер, журналисттер, укук коргоочулар Политковскаяны эскерип митинг өткөргөнү жатышат.