Бул тууралуу президент Барак Обаманын конгрессмендерге жолдонгон катында айтылат. Катта эмдиги жылдын июлуна чейин Ооганстанга отуз миң аскер контингенттин жөнөткөнгө президент буйрук бергени белгиленет. Аталган мөөнөттө ооган жеринде аскерий операциялар аяктайт. Кадрлар корпусундагы өзгөрүүлөргө токтолуп, Обама быйыл жайда Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн командачылыгына генерал Дэвид Петреус дайындалганын эске салган.