Бул маалыматты “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Кубаныч Сабыров тастыктады. Санжар Бакиевдин иши Жалал-Абад шаардык сотуна жиберилди. Маалыматка караганда, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин агасы Жусуп Бакиевдин уулу Санжар Бакиевге "куралдуу топ түздү", "мамлекеттик имараттарды тартып алууга аракет жасады", "май айында Жалал-Абадда орун алган массалык башаламандыктарга катышты" жана "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз сатып алган жана сактаган" деп Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси боюнча айып тагылууда. С.Бакиевден сырткары ушундай эле айыптар менен анын досу Бектурсун Келдибеков жана дагы төрт киши суралууда. К.Бакиевди коргоо комитети бул айыптар негизсиз экенин айтып келишкен.
К.Бакиевдин башка туугандары Максим, Марат, Жаныш Бакиевдер башка өлкөлөргө чыгып кеткен, бирок аларга сырттан кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган. (КЕ)
К.Бакиевдин башка туугандары Максим, Марат, Жаныш Бакиевдер башка өлкөлөргө чыгып кеткен, бирок аларга сырттан кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган. (КЕ)