“7-апрель” коомдук кыймылынын жетекчиси Ө. Токтонасыров мамлекеттик тил комиссиясынын имаратынын алдына пикетке чыкты. Ал бул жолу кыргыз тилинин укугун коргоп чыгууда. Ал “Супер-инфо”, “Леди кг” басылмаларынын жана Коомдук телеканалдын “Браво” программасынын аталышын кыргызча кылып өзгөртүү талабын коюуда. Укук коргоочу менен мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчиси Азимжан Ибраимов жолугуп, бул маселени чечүү үчүн убакыт талап кылынарын айтты.
Кыргыз тили мамлекеттик тил макамын 1989-жылы 23-сентябрда ээ болгон.(ZKo)
Кыргыз тили мамлекеттик тил макамын 1989-жылы 23-сентябрда ээ болгон.(ZKo)