Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

Роза Отунбаева АКШда бир катар жолугушууларды өткөрдү


Өлкө президенти Роза Отунбаева 21-сентябрда АКШда немис канцлери Ангела Меркель менен жолугушту. Жолугушууда эки тарап мындан аркы байланышты бекемдөө маселесин талкуулашты. Өз кезегинде А.Меркель Кыргызстандын коомдук-саясий туруктуулукту жана тартипти сактоо, ошондой эле демократиялык инстутуттарды өнүктүрүп, калыбына келтирүү аракетин колдоого алды. Ушул эле күнү Р.Отунбаева АКШнын Улуттук демократия институтунун директорлор кеңешинин төрагасы, мамдепартаменттин мурдагы жетекчиси Мадлен Олбрайт, Дүйнөлүк Банктын президенти Роберт Зелик менен жолугушту. Р.Зелик Кыргызстандын түштүгүно экономиканы өнүктүрүү багытында жардамдар берилерин белгиледи. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Роза Отунбаева АКШга Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 65-сессиясына катышуу үчүн барган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG