Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Р.Отунбаева Өзбекстан президенти менен жолугушту


Президент Роза Отунбаева Нью-Йорк шаарында өтүп аткан БУУнун “Миң жылдыктын өнүгүү максаттары” долбоорун талкуулаган саммитке катышуу үчүп барып, алгачкы күнү бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрдү.

Р.Отунбаева алгач Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен жолугушуп, эки өлкөдөгү саясий кырдаал жана мындан ары туруктуулукту сактап калуу маселелерин сүйлөшүштү.

Андан тышкары Р.Отунбаева БУУнун балдар корунун аткаруучу директору Энтони Лейк, Ислам конференциясы уюмунун башкы катчысы Эклемеддин Ихсаногы, Катар мамлекетинин эмири Хамад бин Халифа Аль Тани шейх менен жолугушту.

Коңшу Өзбекстандын президенти Ислам Каримов болсо аталган жыйында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы июнь айындагы этникалык араздашууну үчүнчү күчтөр өтө уюшкандык менен жасашканын, Борбор Азияда баш аламандыкты жайылтууну каалаган күчтөр бар экенин билдирди. Ошондой эле ал бул окуяларды эл аралык иликтөөгө алып, баш аламандыкты уюштурган башкы күчтөр жана аларды аткаруучулар жазаланышы керектигин белгиледи. (IJz)

XS
SM
MD
LG