Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:07

Орусия Кыргызстанга аскер базаларынын ижарасы үчүн 6 млн. доллар карыз


Мына ушул карызын курал-жарак менен жабуу сунушу менен Кыргызстан Орусияга кайрылган. КР коргоо министри Абибилла Кудайбердиевдин журналисттерге билдиргени боюнча Орусия Кыргызстанда жайгашкан аскерий обьекттери үчүн жылына 4,5 млн. доллардан ижара төлөп келген. Бул акчанын дээрлик 2 млн. доллары кыргыз аскер кызматкерлерин Орусиядан окутуу жана башка иштерге чагылып, калган төлөнбөй келген акчанын суммасы быйыл 6 млн. долларга жеткен. Коргоо министринин айтымында орустар бул карыздын ордун курал-жарак менен жабууга макул болушту. Ал эми аскерий обьекттердин жайгашып турганы үчүн төлөнүүчү ижара акысын үч эсеге көтөрүү тууралуу кыргыз тараптын сунушуна Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөндөн кийин жооп берүүнү чечишкен. Орусиянын аскерий обьекттери жайгашып турган жердин жалпы аянты 966 гектар.
Эки мамлекеттин коргоо министрлери жолугушууда мындан тышкары Кыргызстандын түштүгүнө Орусиянын аскердик-машыгуу борборун ачуу боюнча сүйлөшүшкөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG