Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Сербия жана Косовонун бийликтерин Европа Биримдигинин арачылыгы менен сүйлөшүүгө барууга чакырган резолюция кабыл алды. Анын долбоорун Сербия Биримдик менен чогуу даярдады. Анын баштапкы резолюциядан айрымасы - Косовонун өзүн төбөлсүз деп жарыялоосу мыйзамсыз деп айтылбайт. Тескерисинче, “Косово өзүн күнкорсуз жарыялап, эл аралык мыйзамдарды бузбады” деген Гаагадагы эл аралык соттун чечимине шилтеме жасалат. Резолюцияга мындай өзгөртүү Европа Биримдигинин талабы боюнча киргизилди. Бирок Сербия резолюцияны кабыл алуу Белграддын Косовонун эгемендигин тааныйт дегенди билдирбесин эскертти.