Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев Бишкекте өтүп жаткан “Мыйзамдардын сакталышы – шайлоо коопсуздугунун кепилдиги” аталышындагы форумда билдирди. Анын айтымында, шайлоону өткөрүү үчүн эми дагы 85 миллион сом каражат бөлүнүп берилет. Өз сөзүндө биринчи вице-премьер-министр бул жылы жашы 18ге толгондордун саны өлкө боюнча 37 миңди түзгөнүн, Кыргызстанда 2 миллион 765 миңден ашуун шайлоочу бар экендигин билдирди. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты. (KKs)