Бүгүн президент Роза Отунбаева “Экономикалык кылмыш жасагандарга мунапыс жарыялоо жөнүндөгү” жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты. Бул жарлыкка ылайык, 7-апрелге чейин мамлекетке материалдык жана каржы жактан зыян алып келип, экономикалык кылмыш жасаган деп айыпталган чиновниктерге чыгымдарды кайра мамлекетке кайтаруу сунушталат. Чыгымдарды калыбына келтирген чиновниктер кылмыш жообуна тартылбайт. Мамлекетке канчалык зыян түшкөнүн он төрт кишиден турган, прокуратура, салык менен бажы кызматтары жана айрым министрликтердин өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия тактап чыгат. Аталган жарлык ушул жылдын 1-октябрына чейин иштейт. (KKs)