Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Ошто 75 батирлүү көп кабаттуу үй декабрда бүтөрү күтүлүүдө


Ушул тапта үйдүн пайдубалын куюу иштери аяктап калды. Үй бир, эки жана үч бөлмөдөн туруп, аны курууга кеткен чыгашалардын жалпы суммасы 65 млн. сомдон ашуун. Турак-жай июнь айындагы этностор аралык жаңжалда жабыркаган мугалим жана дарыгерлерге берилмекчи. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын маалымат кызматы билдиргендей, Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда Даниянын Качкындар боюнча кеңеши 90 короонун курулушун баштоого даярданып жатат. Алардын бардыгында эки бөлмөлүү үйлөр курулат.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын өзүндө 109 үйдүн пайдубалдары куюлуп, ондон ашуун үйлөрдүн дубалдары тургузулду.

Июнь айындагы түштүктө орун алган кандуу окуядан расмий 390дон ашуун адам каза таап, жүздөгөн адамдар жараат алып, эки миңден ашуун киши баш паанексиз калган. Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева түштүккө жасаган сапары маалында июндагы окуяда набыт болгондордун расмий саны мындан да көп болушу мүмкүн экенин айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG