Базар-Коргон райондук кылмышты издөө-иликтөө бөлүмүнүн маалыматына караганда, 20-августта Базар-Коргон айылдык округунда арыктын жанынан кечки саат жетилерде ак жылтырак баштыкка оролгон «АКСУ 5,45мм» автоматы 34 огу жана эки окчонтою менен табылды. Автоматтын номери №987510, 1988-жылы чыккан. Бул маалыматты Жалал-Абад областынын ИИБ басма сөз кызматынын инспектору Таалайбек Сусунбаев билдирди.
Июнь айындагы тополоң окуяларынын учурунда Ош-Бишкек кан жолунда Кара-Үңкүр көпүрөсүнүн тушунан, так ушул автомат табылган жерден жүз метр аралыктагы жерде Базар-Коргон райондук милициясынын кызматкери, майор Мыктыбек Сулайманкулов өлтүрүлгөн болчу. Азыркы учурда табылган курал баллистикалык экспертизага жөнөтүлдү, иликтөө-тергөө иштери жүрүп жатат. Табылган курал, балким, милиция кызматкерин өлтүрүүгө пайдаланылган болуп чыгышы мүмкүн деген шектенүү бар. (KC)