Украинада Эл аралык каржы корунун талабы менен кийинки жылы жаратылыш газына болгон төлөмдөр жогорулайт. Вице премьер-министр Сергей Тигипко 2011-жылы жаратылыш газына болгон баа 50% жогоруларын бүгүн маалымдады. Эл аралык каржы корунун талабы менен Украинада ушул ай башында жаратылыш газына болгон баа 50% жогорулаган эле. Бааны көтөрүү Эл аралык каржы корунун негизги талаптарынын бири. Украина аталган уюмдан 2021-2022-жылдарга чейин 15 миллиард насыя алууга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Эл аралык уюм газга болгон төлөмдөрдүн жогорулашы калкка отун-кубатын сарамжалдуу пайдаланууну үйрөтүп, экономикалык эффективдүүлүктү жогорулатат деп ишенет.