Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Баетовдо митинг өттү


Ак-Талаа райондук борбору болгон Баетов айылында 13 айылдан чогулган адамдар митинг өткөрүшүп, Тогуз-Тородогу “Макмал” алтын кенинин жетекчиси Алмаз Жакыповду кызматтан албоону талап кылган митинг өткөрүштү. “Азаттыктын” Нарындагы кабарчысы билдиргендей, митингге 200 чамалуу киши катышты. Митингдин катышуучуларынын бири Чатрахан Дононбаеванын айтымында, алар өз талаптарын губернаторго билдиришип, президент Роза Отунбаеванын атына кат жолдошту. Алар ошондой эле бир гана А.Жакыповго тийбөө талаптары менен чыгып атышканын, учурдагы бийликти колдой турушканын, алардын митингинин У.Барктабасовдор өткөрүп аткан митингдерге тиешеси жоктугун айтышууда. Эгер “Макмал” алтын кенинин айланасында айрым чиновниктер дале оюн кыла бере турган болушса, 10-августта кайрадан митингге чыгарын билдиришти.

Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо “Макмал” алтын кенинин жетекчиси Алмаз Жакыповдун кызматтан кетүүсүн талап кылып бир канча жолу митинг өткөн болчу. А.Жакыпов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, митингдерди аны кызматтан кетирүүнү көздөгөн топтор уюштуруп атканын, алардын дооматтары негизсиз экенин айткан. (IJz)

XS
SM
MD
LG