Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:48

Кэмерон: Батыш өлкөлөрү Пакистандын террорчулукту экспорттоосуна чыдабайт


Индияда Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Кэмерондун ырасмий сапары башталды. Ал Бангалордо кабарчылар алдында сүйлөп, Батыш Пакистан террорчул топторду колдойт деп шектенбегендей болушу керек экенине жана ага чыдабасын баса белгиледи:

-Биз Пакистанды кубаттуу, стабилдүү жана демократиялуу болуусун каалайбыз. Бирок биз бул өлкөнүн ошол эле мезгилде ар кандай жолдор менен террорду Индияга же Ооганстанга же дүйнөнүн башка бөлүгүнө экспорттоосуна чыдап тура албайбыз.

Бир нече күн мурда Ооган согушу жөнүндө ачыкка чыгып кеткен АКШ армиясынын купуя документтерде Пакистандын чалгындоо кызматтары менен Ооганстандагы талип эрегишчилери арасындагы шектүү байланыштар жөнүндө кенен-кесир маалыматтар да бар. Иран узак жылдардан бери Пакистанды экстремисттик топторго баш паанек берүүдө жана аларды күш-күштөп жүрөт деп күнөөлөп келет.

XS
SM
MD
LG