Ош облусунун администрациясынын жанында миңге чукул адам ЕККУнун полиция күчтөрүн түштүккө киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүштү. Андан соң Оштогу ЕККУнун кеңесесинин жанына барышып, полиция күчтөрүн киргизбөө талабын коюшту. Алар менен аталган уюмдун өкүлү Хьюго Карлсон жолугушуп, ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүү Убактылуу өкмөттүн суранычына ылайык уюмга мүчө 56 мамлекеттин чечими менен кабыл алынганын билдирди. Ал ошондой эле бул маселени Оштогу ЕККУнун кеңсеси чечпестигин белгиледи.
Митингдин катышуучулары болсо Оштогу ЕККУнун кеңсесинин өкүлүнө полиция күчтөрүн киргизүүдөн баш тартууга эки күн мөөнөт беришерин, эгерде бул талап аткарылбаса Ош шаарында 50 миңге чукул адам нааразылык акциясына чыгышып, ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн өлкөдөн чыгаруу талабын коюшарын билдиришти.
Алар кайрадан облустук бийликтин жанында митингди улантууга бет алышты. Буга чейин Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүүгө каршы экенин айткан. Ал эми Ош облусунун губернатору бул маселе боюнча өзүнүн пикирин билдире элек. Бул тууралуу Оштогу кабарчыбыз билдирди. (AJ)