Ички иштер министринин биринчи орун басары Мелис Турганбаев «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип, Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча башкы комиссары Нави Пиллэйдин күч органдары өзбек тектүүлөрдүн укуктарын бузуп, аларды кыйноого алышууда деген сөзүн четке какты.
М.Турганбаевдин айтымында, коогалаң болгон аймактарда кылмышкер деп шектелгендер улутуна карабай бирдей кармалууда.
Ошондой эле ал жакында эле Сузак районунда Ош-Бишкек жолун тосууга аракет кылышкан 200 чамалуу аялдарга акча таркатылганын баса белгиледи.
Буга чейин Human Rights Watch уюму, БУУнун адак укуктары боюнча комиссары баш болгон тараптардын ушул сыяктуу билдирүүлөрүн Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов да жокко чыгарып, аларды чагым катары баалаган. (IJz)