Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Жаңы муфтий шайлоо маселеси көтөрүлөт


Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында муфтияттын аксакалдар кеңешинин төрагасы Пазыл ажы Жайчыбеков билдирди. Анын айтымында, учурдагы муфтийдин “билимсиз жетекчи” болгонуна байланыштуу уламалар кеңешинде аксакалдар аны алмаштыруу маселесин көтөрүшмөкчү.

Эскерте кетсек, мурдагы муфтий, маркум Мураталы ажы Жуманов 8-апрелде өз каалоосу менен кызматтан кетип, өз ордуна муфтийдин милдетин аткаруучу кылып Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматовду калдырып кеткен. 21-апрель күнү Мураталы ажы Жумановду белгисиз бирөөлөр уурдап кетип, коркутуп-үркүтүшкөн. Ага удаалаш 10 күн муфтийлик кызматын аткаргандан кийин А.Нарматов кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Натыйжада мурда Чүй облусунун казысы болуп келген Руслан Жумагулов уламалар кеңешинин жыйынысыз эле муфтийлик кызматка отуруп калган. (IJz)

XS
SM
MD
LG