Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин мурдагы орун басары Өмүрбек Текебаев бүгүн издөөдө жүргөн өзбек диаспорасынын лидери Кадыржан Батыров менен дос экени тууралуу маалыматты четке какты. Анын айтымында, мындай сөздөр жөн гана ушак жана ал К.Батыровду мурдагы депутат катары гана тааныйт.
Ошондой эле ал К.Батыров “Мезон ТВ” жана “Ош ТВ” теле каналдары аркылуу “Ата мекен” партиясын жана Конституциялык кеңешмени сындаганын эске салып, мындай кеп-сөздөргө ишенбөөгө чакырды. (IJz)
Ошондой эле ал К.Батыров “Мезон ТВ” жана “Ош ТВ” теле каналдары аркылуу “Ата мекен” партиясын жана Конституциялык кеңешмени сындаганын эске салып, мындай кеп-сөздөргө ишенбөөгө чакырды. (IJz)