Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Ошто спирт ичимдиктеринин сатылышы боюнча текшерүү жүрүүдө


Ош облусунун коменданты Бактыбек Алымбековдун “Ош, Өзгөн шаарларынын жана Кара-Суу, Араван райондорунун аймагында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу жөнүндөгү” буйругуна ылайык, Каржы полициясынын мамлекетик кызмат башкармалыгы тарабынан атайы рейд иштери жүргүзүлүп жатат. Кечээ Ош шаарындагы “Бостон” базарында жасалма алкоголдук продукциясын чыгаруучу 2 көмүскө ишкана табылган. Текшерүү иштеринин жыйынтыгында 136,5 литр спирт жыттанган түссүз суюктук, 1002 даана акциздик маркалар алынды. Учурда бул факт боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси чечилүүдө,-деп билдирет Ош областынын комендантынын маалымат кызматы. (AzK)

XS
SM
MD
LG