Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

БУУнун Качкындар боюнча башкы комиссары Жалал-Абадда


БУУнун Качкындар боюнча башкы комиссары Антонио Гуттереш ушул тапта Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асанов жана анын орун басарлары менен жолугушту. Жолугушууда июнь айындагы тополоңдун себептери, Жалал-Абад облусунан 40 миңден ашуун адамдын коңшу өлкөгө чыгып кетип, учурда качкындардын дээрлик баардыгы мекенине кайтып келишкени маалымдалды. Ошондой эле Өзбекстанда дарыланып жаткан жүздөн ашуун кыргызстандык атуулдарынын алды Жалал-Абадга алынып келинип, дарыланып жатканы айтылды. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы кабарчыбыз билдирди.

Антонио Гуттереш Кыргызстандын түштүгүндөгү окуя тууралуу маалымат БУУнун жетекчилигине толук билдирилерин жана ар тараптуу жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.

Түштөн кийин БУУнун Качкындар боюнча башкы комиссары иш сапарынын жыйынытыгы жана Убактылуу өкмөт менен биргеликте Кыргызстандын түштүгүндөгү коогалаңга байланыштуу ички миграция маселесин чечүү тууралуу маалымат жыйынын өткөрүүсү күтүлүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG