Бакай-Ата районунда Кең-Арал айылында № 68 шайлоо участкасында бюллетендерди топ-топ салуу фактылары болгонун байкоочулар билдиришти. БШК тарабынан аталган участкалык комиссия мүчөлөрүнө катуу эскертүү берилди. Бул жөнүндө “Жарандык коом жана демократия үчүн” бирикмесинин Таластагы өкүлү Шамиль Мурат «Азаттыкка» маалымдады. (UA)