Бүгүн - эки коңшу өлкө ортосунда согуш башталган күндүн алтымыш жылдыгы. Түштүк Кореянын президенти Ли Мен Бак Сеулдагы бүгүнкү эскерүү жөрөлгөсү учурунда Түндүк Кореяны “акыл калчанбанган аскерий чагымдарды” токтотууга үндөдү. Түштүк Корея президентинин айтымында, анын өлкөсүнүн түпкү максаты - аскерий тирешүү эмес, тынчтык жол менен биригүү. Ли Мен Бак ошондой эле түндүктөгү коңшусу быйыл мартта Түштүк Кореянын кемесин чөктүрүп жибергени үчүн кечирим суроосу керектигин белгиледи. Анда 46 моряк мерт болгон. Бирок Пхеньян кеменин чөгүшүнө тиешеси жоктугун айтып келе жатат.