Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын соңку маалыматы боюнча Оштогу тополоң окуядан жаракат алгандар 835, алардын ичинен каза тапканы 63, ооруканада жатканы – 431. Жаракат алгандарга жардам көрсөтүп жатканда тез жардам кызматынын кызматкерлери дагы сабалып жабыр тартышты.